24-июнда түнкүсүн жана күндүз айрым тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Көпчүлүк башка аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;
Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус жылыйт.
Борбор калаа Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 13…15°, күндүз 29…31 градус болот.
Дагы караңыз
Митингдерди тыйган чечим боюнча эл аралык уюмдарга кайрылуу даярдалуудаОблустук телекомпаниялардын маяна маселеси чечилдиӨКМ: Алайда өзгөчө кырдаал жарыяландыБишкекте мамлекеттик кызматкер зордуктоого шек саналып, камалдыАдвокат Жээнбековдун абактагы жубайынын абалы начарлап кеткенин билдирди"Титаникти" изилдөөгө түшкөн кеменин экипажы набыт болгону аныкталды