Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Бишкекте мамлекеттик кызматкер зордуктоого шек саналып, камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир нече күн мурда Бишкектин Токтогул-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде (Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жайгашкан жер) жол четинде токтоп турган автоунаадан кыз менен жигиттин тартышып жатканы тартылган тасма соцтармактарга тараган.

Тасмада сыртка жулунган кыз автоунаадан кулап түшкөнү, артынан шымы шыпырылган тейде эркек киши да кулаганы, ал кызга сыртта да асылганы тартылган.

Ошол эле күнү Бишкек шаардык милициясына тааныш адамы автоунаада өзүн зордуктоого аракет кылганын айтып, 27 жаштагы кыз кайрылган.

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) шектүү 22-июнда кармалып, эки суткага камакка алынганын кабарлады.

Социалдык тармактын колдонуучулары эркек киши Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкери экенин таанып, жазышкан. Аталган министрлик бул кызматкери апрель айында эле кызматтан кеткенин билдирүүдө.

Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган.

Укук коргоочулар зордуктоого кабылгандардын көбү милицияга кайрылбоону туура көрөрүн, андыктан расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай турганын айтып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG