Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

Митингдерди тыйган чечим боюнча эл аралык уюмдарга кайрылуу даярдалууда


Бишкек. Архивдик сүрөт.
Бишкек. Архивдик сүрөт.

Кыргыз бийлигинин жана сотторунун митинг-пикеттерге тыюу салган чечимдерине каршы эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылуу даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн 23-июнда “Азаттыкка” адвокат Бактыбек Жумашев билдирди.

Ал Жогорку соттун чечиминин көчүрмөсүн алгандан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тийиштүү мекемелерине кайрыларын айтты.

Быйыл 29-апрелде Жогорку сот адвокаттын Бишкекте митингдерге тыюу салган чечим боюнча арызын канааттандыруудан баш тарткан. Жактоочу Жогорку сотко буга чейин шаардык сот кабыл алган чечимге даттанып кайрылган, себеби аталган мекеме анын апелляциялык арыз берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартып койгон.

31-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту акимчиликтин райондун айрым жерлеринде митинг-пикет уюштурууга 30-июнга чейин тыюу салган чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Биринчи Май районунун аймагындагы президенттик администрациянын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин тегереги, Ала-Тоо аянты, Эркиндик бульварынын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки тилкеси, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүлбак жана Иван Панфилов атындагы парктын жанында митинг-пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечим 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат.

Мындан тышкары Ленин районундагы президенттик резиденция, Бишкек мэриясы, Украинанын, АКШнын элчиликтери жана улуттук филармония жайгашкан жерлер боюнча да тыюу салынганы кабарланган.

Акция өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчага чогулса болот. (RK)

XS
SM
MD
LG