Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Адвокат Жээнбековдун абактагы жубайынын абалы начарлап кеткенин билдирди


Салкынай Алимбаева.
Салкынай Алимбаева.

Оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын абалы начарлап жатканын, аны медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө өтүнүч келтирилгенин 23-июнда “Азаттыкка” адвокат Гуляна Убалиева билдирди.

Адвокат Алимбаеваны тийиштүү медициналык жайга алып барып, компьютердик томографиядан өткөрүү зарыл болуп турганын, башынын жана ички органдарынын өнөкөт оорулары козголуп, арыктап кеткенин, мурда операция болгонун кошумчалады.

Убалиеванын айтымында, ага жактоочу менен жолугушууга тоскоолдук болгон жок, бирок бир тууганы менен жолугушууга уруксат берилбей койду.

25-майда Алимбаева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Атайын кызмат ага козголгон иш боюнча азыркыга чейин маалымат бере элек.

Шектүүнүн адвокаты Разак Ашимбаевдин айтымында, ага Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышына байланыштуу “коррупция” беренеси менен айып коюлган. Жактоочу окуя былтыр болгонун, Алимбаеванын буга тиешеси жок экенин билдирген. Ал өзү да күнөөсү жок экенин айткан.

26-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алган, шаардык сот да бул чечимди күчүндө калтырган.

Алимбаеванын күйөөсү Равшан Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал “Кемпир-Абад иши” боюнча айыпталууда. Мындан тышкары ал Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, бул иш азыр Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG