12-июнда Кара-Суу районунун онго чукул тургуну Ошто маалымат жыйын берип, алардын жакындары беш айдан бери камакта жатканын айтып нааразычылыгын билдиришти.
Шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин “Уурулук” беренеси менен кармалган. Аларга сегиз даана оролгон кездемени уурдаган деген айып коюлган. Камакта жаткандардын экөө аял. Арасында Өзгөчө кырдаалдар милистрлигинин бир кызматкери да бар.
Басма сөз жыйынын өткөргөндөр жабырлануучу жеке ишкер Ганишер Бадалов башында 48 миң сом зыян тартканын айтып азыр 29 миллион сом зыяндын оордун толтуруп берүүнү талап кылып жатканын билдиришти.
Камактагылардын бири кездемелерди алып чыкса калгандары андан кездемени сатып алгандар экени айтылды. Камалгандардын жактоочусу Кутман Медетбеков анча оор эмес кылмыш үчүн шектүүлөрдү камакка алуу адилетсиз экенин айтты.
Андан сырткары ӨКМдин кызматкеринин ишин аскер прокуратурасы тергеши керектигин билдирди. Окуя 2023-жылдын 8-февралында болгон. Азырынча милиция жана ӨКМ бул окуя боюнча комментарий бере элек. (DSh)
Дагы караңыз
Сузак районунда Санпа каргашасы эскерилдиБишкекте үч адамдын өмүрүн кыюуга шектүүнүн иши сотко жөнөтүлдү Чүй: Луговое айылындагы калайман мушташ боюнча дагы бир адам кармалдыКазакстан Абай облусундагы өрттөн каза болгондорго аза күтүүдөСтатком: беш айда ички дүң өнүм 3,4% жогоруладыКеминде сууга чөгүп кеткендердин биринин сөөгү табылбай жататКемпир-Абад иши: абактагылар тергөө тобунун жетекчисине каршы арызданды