Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:31

Казакстан Абай облусундагы өрттөн каза болгондорго аза күтүүдө


Абай облусундагы токойдогу өрттө каза болгон токойчулар. Казакстан.
Абай облусундагы токойдогу өрттө каза болгон токойчулар. Казакстан.

Казакстанда 12-июнь - Абай облусундагы өрттөн каза болгондорго байланыштуу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Семей токоюндагы” өрттөн каза болгон 14 токойчуну сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Алар каза болгондон кийин өзгөчө кырдаалда көрсөткөн эрдиги жана берилгендиги үчүн “Курмет” ордени менен сыйланган.

11-июнда Экология министрлиги өзгөчө коргоого алынган Семей токоюндагы өрттө каза болгон токойчулардын аты-жөнүн сүрөтү менен жарыялаган.

Министрликтин буга чейин билдиргени боюнча, өрттү өчүрүүгө чыккан 14 токойчу менен 9-июнда байланыш үзүлгөн. Андан кийин аларды издөө-куткаруу иштери башталган. Каза болгондордун бирөө аял.

Өрт чалган аймактын жалпы аянты 60 гектардан ашуун. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн аянтынын чоң болгону, аба ырайынын ысыктыгы жана шамал аны өчүрүүгө тоскоолдук жаратып жатканын билдирүүдө.

Ишембиде президент Касым-Жомарт Токаев Юрий Ильинди өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотуп, анын ордуна Сырым Шарипхановду дайындады. Өз милдетин жетиштүү аткарбаганы үчүн Абай районунун акими Нурлан Уранхаевге сөгүш берди. (BTo)

XS
SM
MD
LG