Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:18

Статком: беш айда ички дүң өнүм 3,4% жогорулады


Бишкектеги базарлардын бири.
Бишкектеги базарлардын бири.

Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 2023-жылдын январь-май айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,4% жогорулап 355 млрд. сомго жакындады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети беш айдын баштапкы жыйынтыгын чыгаргандан кийин билдирди.

Мунун ичинен эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди - 53,8 %. Бирок бул өткөн жылдын беш айына караганда 1,4% аз. Ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 26,1% болду.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн ички дүң өнүмү 2023-жылы 3,9%, 2024-жылы 4% өсөт деген жоромолун жарыялаган.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы 7%, 2024-жылы 7,2% темп менен жогорулайт деген божомол берген. (BTo)

XS
SM
MD
LG