11-июнда Аламүдүн районуна караштуу Луговое айылындагы калайман мушташка байланыштуу 25 жаштагы дагы бир шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Милициянын маалыматына караганда, 10-июнь күнү кечинде Луговое
айылындагы “Миг” дүкөнүн жанында белгисиз адамдар 29 жаштагы жаранды себепсиз сабашкан. Ал Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иштин алкагында Ленинское айылынын 31 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Луговое айылында калайман мушташ болгонун, мушташты токтотуу үчүн айылга көп сандаган милиция кызматкерлери барышканын жазышкан. (BTo)
Дагы караңыз