Сузак районунда Санпа каргашасы эскерилди

Сузак районунда Санпа каргашасы эскерилди. 12-июнь, 2023-жыл.

12-июнда Сузак районуна караштуу Топурак-Бел ашуусунда Июнь окуясынын курмандыктарына арналып курулган мемориалдык комплексте эскерүү иш-чарасы өттү. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана коогалаңда жакынын жоготкондор катышты.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев улут аралык ынтымак бекемделип жатканын айтып, жакындарын жоготкондорду сабырдуулукка чакырды.

Июнь коогасында Жалал-Абад облусунда 86 адам курман болгон. Каргашага байланыштуу 90дон ашык кишиге кылмыш иши козголуп, иштин 65% бети ачылган. Жалпысынан Июнь окуясы боюнча 49 адамга издөө жарыяланып, алардын 32си кармалган.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

“Июнь окуясы” деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, эки миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 17си табыла элек. (TB)

Дагы караңыз

Чүй: Луговое айылындагы калайман мушташ боюнча дагы бир адам кармалдыКазакстан Абай облусундагы өрттөн каза болгондорго аза күтүүдөСтатком: беш айда ички дүң өнүм 3,4% жогоруладыСпортчу Дайырбек Карыяев АКШдагы мелдеште жеңишке жеттиКеминде сууга чөгүп кеткендердин биринин сөөгү табылбай жататКемпир-Абад иши: абактагылар тергөө тобунун жетекчисине каршы арыздандыУгледарга жакын айылдар орус аскерлеринен бошотулганы кабарланды