Пригожин "вагнерчилер" Бахмуттан 10-майда чыгып кетерин билдирди

Евгений Пригожин

Орусиядагы "Вагнер" деп аталган жалданма аскер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин 10-майда анын жоочулары Украинанын Бахмут шаарынан чыгып кетерин жарыялады.

Ал согуштагы позицияларын Орусиянын Коргоо министрлигине өткөрүп берерин билдирди. Мындай чечимге ок-дарылардын жетишсиздиги жана оор жоготуулар себеп болгонун белгиледи. Видео жана билдирүүнүн тексти Пригожинге байланышы бар Telegram-каналдарга 5-майда жарыяланды.

Мурунку түнү Евгений Пригожин согушта өлгөн бир нече "вагнерчинин" сөөгүнүн жанында туруп, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуну алардын өлүмүнө айыптаган видеосу тараган. Ал согушта набыт болгон "вагнерчилердин" өлүмүнө Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимовду да айыптаган. Тасманы Пригожиндин басма сөз кызматы тараткан.

Пригожин буга чейин да Украинанын Бахмут шаарын басып алууга аракеттенип жаткан "вагнерчилерде" курал-жарак жетишсиз экенин айтып чыккан. Украина бул согушта орусиялык күчтөр күн сайын жүздөгөн аскеринен ажырап жатканын билдирип келет.

Орусиянын Коргоо министрлиги Бахмуттагы жоготуулары тууралуу маалымат бере элек.

  • “Вагнер” компаниясы – менчик бейрасмий аскердик түзүм. Компанияны Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын саналган Евгений Пригожин негиздеген. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган. Айрым өлкөлөр бул компанияны террордук уюм деп таанып, Пригожинди "кара тизмеге" киргизген.
  • "Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.

Дагы караңыз

Каракалпакстан окуялары үчүн соттолгондордун апелляциялык арызы Ташкентте карала баштадыСадыр Жапаров сөз эркиндигин, адам укугун коргоо өлкөнүн башкы максаты экенин айттыАнкарадагы саммитте орусиялык жана украиналык делегаттар мушташты