Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Каракалпакстан окуялары үчүн соттолгондордун апелляциялык арызы Ташкентте карала баштады


Бухарадагы биринчи инстанция маалында тартылган сүрөт.
Бухарадагы биринчи инстанция маалында тартылган сүрөт.

Өзбекстанда Каракалпакстан окуясына байланыштуу январда соттолгондордун апелляциялык арызы жана прокуратуранын протести 5-майда карала баштады. Жараян Ташкентте Жогорку соттун кылмыш иштери боюнча коллегиясында өтүп жатканын "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды.

Биринчи инстанция Бухарада өтүп, январдын аягында 22 адамга өкүм чыккан. Башкы айыпталуучу деп саналган Даулетмурат Тажимуратов 16 жылга эркинен ажыратылса, дагы 17 адам үч жылдан сегиз жарым жылга чейин кесилген.

Алты жылга кесилген Полат Шамшетов 4-февралда Бухарадагы тергөө абагында каза тапкан. Соттук-медициналык экспертиза анын өлүмүнө өпкө жана жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болгонун билдирген.

Прокуратура биринчи инстанцияда шарттуу кесилген Лолагул Каллиханова, Азамат Турданов, Ахмет Сметуллаев жана Азамат Нуратдиновге байланыштуу чечимге протест келтирген.

17-мартта дагы 39 айыпталуучуга өкүм чыккан. Анда 28 адам беш жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратылса, 11и сот залынан шарттуу түрдө бошотулган.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр жазында көтөрүлүп, 1-2-июлда автономиялуу Каракалпакстан Республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Конституциядан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн ири митингдер күч менен басылган. Кеминде 21 адам каза таап, жүздөгөн адам жараат алган бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган.

Эл аралык коомчулук Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык жана калыс иликтөөгө чакырып келет.

XS
SM
MD
LG