Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:51

Садыр Жапаров сөз эркиндигин, адам укугун коргоо өлкөнүн башкы максаты экенин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров учурда өлкөнүн алдындагы негизги милдеттер - демократиялык принциптерди бекемдөө, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин кепилдигин чыңдоо экенин билдирди.

Мамлекет башчы мындай билдирүүсүн Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата 5-майда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан иш-чарада жасады. Ал 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын максаты - эффективдүү мамлекеттик башкарууну уюштуруу экенин айтты.

"Биз Конституциянын ченемдери менен принциптеринин сакталышын жана жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу үчүн тынымсыз иштешибиз керек. Азыркы учурда Конституция элдин биримдигинин, өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын жана мамлекеттик бүтүндүгүнүн, азыркы Кыргызстандын демократиялык, саясий, укуктук, экономикалык жана идеологиялык негиздеринин калыптанышынын негизи болуп саналат. Конституциянын өнүгүүгө өбөлгө болчу потенциалы жогору", - деди президент.

Ал мамлекет олигархиялык топтордун жана кландардын барымтасында калбашы үчүн мамлекетте демократиялык жол-жоболор колдонулушу керектигин, жеке кызыкчылыгын көздөгөн топторго каршы туруу үчүн жарамдуу административдик бийлик талап кылынарын кошумчалады.

Президент өлкөдө сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турарын белгилеп, “мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш жасаба, жалган маалымат таркатпа, бирөөгө жалган жалаа жаап, беделине доо кетирбесең болду, каалаган сөзүңдү сүйлөп, каалаган ишиңди кыла бер” деген принцип сакталарын айтты.

Кыргызстанда экологияны коргоо багытындагы иштер уланышы керектигин, экономиканы өнүктүрүү үчүн чет өлкөдөн инвестицияларды тартуу зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан берки аралыкта бир нече жолу өзгөртүүгө дуушар болду.

2021-жылы 11-апрелде жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган Баш мыйзам өлкөнү түп-тамыры менен президенттик башкарууга кайра кайтарып, саясий системаны баштапкы абалга алып келген.

Март айынын башында Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун билдирген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму ушул жумада Кыргызстан быйыл басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга түшүп, 122-сапка жайгашканын билдирген. Дүйнөлүк алкакта 57 позициясын жоготкон Бутан гана Кыргызстандын алдында турат. Уюм баяндамасында журналистика жалган маалымат таратуу индустриясынын коркунучуна туш болгонун белгилеген.

Эл аралык уюмдар, АКШ, Британия, Франция, Германия жана башка мамлекеттер Бишкекти сөз эркиндигин коргоого жана адам укуктарын сактоого чакырып келет.

XS
SM
MD
LG