Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Анкарадагы саммитте орусиялык жана украиналык делегаттар мушташты


Жаңжал тартылган видеодон алынган сүрөт.
Жаңжал тартылган видеодон алынган сүрөт.

Анкарада өткөн Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйынында Орусия менен Украинанын делегаттары мушташты.

Anadolu агенттиги жазгандай, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Ольга Тимофеева журналисттерге сүйлөп жатканда украин делегациясы өз өлкөсүнүн желегин көтөрүп, Орусияга каршы ураандарды айта баштаган. Орус делегациясынын мүчөсү украиндерге тоскоолдук кылып, жаңжал чыккан.

Жыйынга төрагалык кылган Түркия парламентинин спикери Мустафа Шентоп арачы түшүп, аларды сабырдуулукка чакырды.

Кийинчерээк иш-чара алкагында украиндер менен орустардын ортосунда дагы бир жаңжал чыккан. Бул окуянын видеосун Украинанын эл депутаты Александр Мариковский жарыялады.

Кадрда көрүнүп тургандай, орусиялык делегаттардын бири, Мамлекеттик Думанын депутаты Валерий Ставицкий эл депутатынын колунан украин желегин жулуп алган. Мариковский орус депутатын бетке чаап, түрк парламентинин күзөтчүлөрү мушташты токтотуп калган.

Орусиялык Телеграм-каналдар депутат Ольга Тимофеева сүйлөп жаткан учурдагы жаңжал тууралуу гана кабарлашты. Украиналык депутат муну анын өлкөсүнө орустар согуш ачканын орусиялык көрүүчүлөрдүн эсине салуу максатында жасаганын белгилейт.

Орусиянын Анкарадагы элчилигинин маалыматына караганда, Ставицкий мушташтан кийин ооруканага жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG