Жапаров менен Путин менен телефондон кызматташууну талкуулады

Садыр Жапаров менен Владимир Путин, архивдик сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 10-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү.

Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус алака-катышынын актуалдуу маселелерин, эл аралык жана аймактык уюмдардын, интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулады.

"Мындан сырткары Садыр Жапаров жана Владимир Путин алдыдагы эки жана көп тараптуу форматтардагы иш-чаралардын графиги тууралуу пикир алмашты. Тараптар эки элдин жана мамлекеттердин бакубаттуулугу үчүн өз ара мамилелерди мындан ары да бекемдөө ниетин ырасташты",-деп жазылган маалыматта.

Сүйлөшүү тууралуу Крмелдин расмий сайтына дагы учкай маалымат жарыяланды. Анда "бири-бирине пайдалуу шартта эки тараптуу кызматташууну андан ары өнүктүрүүнүн бир катар жагдайлары, анын ичинде соода-экономикалык, каржылык жана гуманитардык алака-катыштын бир катар жагдайлары талкууланганы" жазылган.

Маалыматтарда бул сүйлөшүү кайсы тараптын демилгеси менен уюштурулганы такталган эмес.

Дагы караңыз

Кадыркулов Молдова, Болгария жана Румынияда да элчи кызматын аркалайт Вашингтондо Кыргызстан менен АКШнын алака-катышы талкууланды БШК:14 айылдык кеңештеги шайлоодо шайлоочулардын 39% добуш берди Баткенде АРИС аркылуу үч мектеп, эки бала бакчанын курулушу башталдыМектептерге 1-класска балдарды кабыл алууга электрондук каттоо башталды ИИМ: жасалма арак-шарап өндүрүүгө шек саналган ири соодагер кармалды