Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:14

Мектептерге 1-класска балдарды кабыл алууга электрондук каттоо башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мектептерге 1-класска балдарды кабыл алууга электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева басма сөз жыйында билдирди. Анын маалымдашынча, буга чейинкидей эле каттоо эки баскыч менен өтөт.

Электрондук каттоонун биринчи айлампасы 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлөт жана анда балдар катталган жериндеги мектепке гана кезекке тура алат. Экинчи айлампа 26-июнда башталып, 31-августта аяктайт. Бул баскычта ата-энелер кайсыл аймакта катталганына карабай, балдарын бош оруну бар мектепке каттата алат.

Министрликтин өкүлдөрү бул жолу дагы порталдын иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүндүгүн эскертип, ата-энелерди жагдайды түшүнүү менен кабыл алууга чакырышты.

Учурда электрондук каттоого байланыштуу 110 номериндеги акысыз телефон номери иштеп жатат жана ага дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 09.00дон 18.00го чейин чалса болот.

Былтыр электрондук каттоо башталганда аталган порталдын иши бир канча жолу үзгүлтүккө учураган жана буга байланыштуу айрыкча Бишкекте ата-энелердин нааразылыгы жаралган.

XS
SM
MD
LG