Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Кадыркулов Молдова, Болгария жана Румынияда да элчи кызматын аркалайт


Идрис Кадыркулов.
Идрис Кадыркулов.

Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматы менен бирге эле Кыргызстандын Молдовадагы, Болгариядагы жана Румыниядагы элчиси болуп дайындалды. Мындай жарлыкка 10-апрелде президент Садыр Жапаров кол койду.

Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы элчиси кылып былтыр жыл башында дайындаган.

Анын алдында Жогорку Кеңештин тармактык комитети анын талапкерлиги колдогон эмес, жыйында ага депутаттар атайын кызматтын жетекчилигинен кеткен себеби, андагы иштери тууралуу суроолорду берген. Кадыркуловдун бул кызматка парламенттин макулдугу жок дайындалышы талкуу жараткан.

УКМКны 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин жетектеген Кадыркулов Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырынан кийин кызматын тапшырган.

XS
SM
MD
LG