Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

ИИМ: жасалма арак-шарап өндүрүүгө шек саналган ири соодагер кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги Бишкекте ири өлчөмдө жасалма спирт ичимдиктерин өндүрүүгө шек саналып бир жаран кармалганын билдирди. Ага ылайык, О.Н аттуу тургун күмөндүү арак-шараптарды Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринде жасап жүргөн жана Ош базарындагы ири соода борборлорунун бириндеги жайдын кожоюну болгон.

"Кармалган жаран Ош базарындагы "Берекет Универсал" борборундагы чоң соода жайдын кожоюну. Тинтүүнүн жүрүшүндө жалпы өлчөмү 10 миң литрден ашкан 17,5 миңдей бөтөлкө ичимдик, күмөндүү акциздик маркалар, бөтөлкөнүн капкактары жана башка буюм-тайымдар алынды. Кылмышка шектүү соттун чечими менен бир айга камалды. Учурда дагы башка даректер, үйлөр, соода түйүндөр жана камалар текшерилип жатат", -деп жазылган маалыматта.

Салык кызматы буга чейин да рейд өткөрүп, дүкөндөрдө жана базарларда сатылып жаткан ичимдиктердин 25% жасалма арак экени аныкталганын билдирген.

Былтыркы статистикагы ылайык, Бишкектеги дүкөндөрдө алкоголдук ичимдиктердин баасы бери дегенде 30% чейин өстү. Өкмөт алкоголь өндүрүүчү ишканалар көмүскөгө көбүрөөк кирип, салыктан качып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG