“Коррупцияга каршы элдик кызмат” деп аталган коомдук бирикменин төрагасы (Э.У.Т.) Бишкек шаарынын тургунунан опузалап 100 миң сом алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 6-апрелде билдирди.
Башкы көзөмөл органы жабырлануучуга шектүү Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө тергелип жаткан кылмыш ишин “оң жагына чечип берем” деп убада бергени аныкталганын кабарлады.
Тергөөдө шектүү буга чейин 200 миң сом акча алганы жана кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча көмөк көрсөткөндүгү үчүн кошумча 4 миң доллар талап кылганы белгилүү болгон.
Кармалган адамдын жакындары же адвокаттары комментарий бере элек.
Февраль айында дагы бир “Коррупцияга каршы элдик кыймыл” деп аталган коомдук бирикмесинин жетекчиси (К.А.С.) кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча малекеттик комитет (УКМК)кабарлаган. Ал Кичи-Кемин айыл аймагынын башчысын опузалап көп суммадагы акча талап кылганын билдирген. (BTo)
Дагы караңыз
Москвада нааразылыктан кийин мечит башка жерге курулмай болдуАк-Ордодогу жер чыры: Башкы прокуратура дагы бир адамды кармадыМэрия Ала-Арча көрүстөнүндө 10 чакты гана орун калганын билдирди50дөн ашык өлкө Львова-Белованын БУУда сүйлөгөнүнө жооп кайтардыМурдагы билим берүү министри Бейшеналиевдин иши сотко өттүОрусияда согушка катышууну каалагандарды жазадан бошотуу сунушталууда