Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Ак-Ордодогу жер чыры: Башкы прокуратура дагы бир адамды кармады


Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушунда 12,7 гектар үлүш жерди саткан адам (Э.А.) кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүү мыйзам боюнча турак жай курууга болбой турганын билип туруп 2010-2019-жылдары Ак-Ордодогу №498, 511, 519 контурларда жайгашкан 12,7 гектар үлүш жерди төрт сотыхтан бөлүп, 1500дөн 5000 долларга чейин ишеним кат менен сатканы аныкталды.

Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бөгөт чарасын аныктоо өтүнүчү Октябрь райондук сотуна берилди.

Башкы прокуратура Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козгоп, тергеп жатат.

Анын алкагында Сокулук районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары Бахридин Азизов, башкармалыктын адиси Төрөкул Солтобаев, райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Руслан Мырзакасымов, ушул эле кызматтын мурдагы картографы Азисбек Дөөлөтбаков 20-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

Ага чейин УКМК “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG