Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Мэрия Ала-Арча көрүстөнүндө 10 чакты гана орун калганын билдирди


Ала-Арча көрүстөнү.
Ала-Арча көрүстөнү.

Бишкекте жайгашкан Ала-Арча көрүстөнүндө 10 чакты гана орун калды. Бул тууралуу вице-мэр Нурдан Орунтаев шаардык кеңештин Турак жай - коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс боюнча туруктуу комиссиясынын 6-апрелдеги жыйынында айтты.

Ал бул орундар толгондон кийин Ала-Арча көрүстөнүн жабуу маселеси караларын билдирди.

Бишкек шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Төрөхан Жунусбеков борбордо жети көрүстөн бар экенин, анын үчөө жабылганын, шаарда жыл сайын эки миңдей сөөк жерге берилерин маалымдады.

31 гектарлык Ала-Арча көрүстөнү 1973-жылы ачылган. Бул жайга өкмөттүн токтому менен мамлекетке эмгеги сиңген инсандардын сөөктөрү гана коюлат. (BTo)

XS
SM
MD
LG