Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

50дөн ашык өлкө Львова-Белованын БУУда сүйлөгөнүнө жооп кайтарды


Львова-Белова БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жаткан учур. 5-апрель, 2023-жыл
Львова-Белова БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жаткан учур. 5-апрель, 2023-жыл

50дөн ашык өлкө жана Евробиримдик Орусиянын балдар Омбудсмени Мария Львова-Белованын БУУда сүйлөгөнүнө жооп иретинде биргелешкен билдирүү жасады. Документте Орусиянын жалган маалыматы чындыкты жокко чыгара албайт жана жоопкеричликтен куткарбайт деп айтылат.

“Орус Федерациясы Украинада жасаган иштери эл аралык укукка, балдар укуктарынын нормаларына жана куралдуу жаңжалдар учурундагы тиешелүү аракеттердин планына төп келет деп көрсөтүүгө умтулат. Бирок мунун бардыгы чындыкка жатпайт”, - деп белгилешти билдирүүнүн авторлору.

Алар ошондой эле Орусия оккупациялаган аймактардан чыгарып кеткен 19 жарым миң украиналык жеткинчектер тууралуу Киев чогулткан маалыматтарды келтирип, Эл аралык кылмыш соту Львова-Белованы жана президент Владимир Путинди камоо ордерин чыгарганын эске салышты.

Буга чейин Британия ал жыйындын видео көрсөтүүсүн бөгөттөгөн.

Ушул айда БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык кылган Орусия шаршемби күнү "балдарды жаңжал аймагынан эвакуациялоо" деген темадагы бейрасмий жыйын уюштуруп, ага Львова-Белованы чакырган.

Ал сүйлөп жатканда АКШ, Британия, Албания жана Мальтанын элчилери жыйындар залынан чыгып кетишти.

Орусиянын элчиси бейрасмий жолугушуу Львова-Беловага ордер чыга электе пландалганын билдирди.

Балдарды Орусияга мыйзамсыз депортациялоо согуш кылмышы болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG