Аба ырайы: жамгыр жаайт

Бишкек.

Кыргызгидромет агенттиги билдиргендей, 7-апрелде күндүз жана 8-9-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. 7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

8-апрелде күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

9-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

7-8-апрелде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге, 9-апрелде айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Туруксуз аба ырайына байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15 градус жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 13…15° жылуу болот. (TAb)

Дагы караңыз

Секелекти зордуктоо: Жогорку Сот бир шектүүнүн жаза мөөнөтүн көбөйттүУкраин президенти Зеленский расмий сапар менен Польшага бардыЕвропа өнүктүрүү банкы Оштогу каналды оңдоого 17,8 млн. евро бөлөтУКМК жана бажы кызматкери аралашкан мушташка байланыштуу иш токтотулду