Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Европа өнүктүрүү банкы Оштогу каналды оңдоого 17,8 млн. евро бөлөт


Ак-Буура дарыясындагы Папан суу сактагычы.
Ак-Буура дарыясындагы Папан суу сактагычы.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Ош облусунун Кара-Суу, Араван райондорундагы Араван- Ак-Буура каналын модернизациялоого жана реконструкциялоого 17 млн. 870 миң евро бөлөт.

Буга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо 5-апрелде Жогорку Кеңеште экинчи окууда жактырылды.

Маалыматка караганда, долбоор ишке ашса, 21 миң гектарга жакын жер аянтын суу менен камсыздоо жакшыртылат.

Планды ишке ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жалпы суммасы 17 млн. 870 миң евро бөлүп берет.

Анын ичинен кредиттик келишимге ылайык – 14 млн. 130 миң евро, гранттык макулдашууга ылайык – 3 млн. 740 миң евро каралган.

Кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөттө, өзгөрүлмө пайыздык чен менен алынат.

Депутат Медербек Алиев долбоорду ишке ашырууда ишке тартыла турган консультанттардын санына жана алардын айлыгынын өлчөмүнө кызыкты.

Министрлер кабинетинин өкүлү ал маселе иштин жүрүшүндө аныкталарын айтып, так жооп бере алган жок.

Депутаттар алынган насыялардын туура пайдаланышын көзөмөлдөөгө өкмөттү чакырышты. Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан Папан суу сактагычында Аравандын муктаждыгына жете турган суу бар.

1965-жылы курулган, узундугу 31,3 чакырымды түзгөн канал аркылуу Аравандагы 15 миң гектардан ашык жерге суу жеткирилет. Оңдоп-түзөөдөн кийин андагы суунун көлөмү көбөйөт, бетондолгон соң суунун коромжу болушу кескин азаят. Кара-Суудагы 5,7 миң, Аравандагы 10 миң, Катта-Сай, Кең-Сай массивдериндеги 6 миң гектардан ашык жерге суу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлө турганы белгиленип келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG