Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

УКМК жана бажы кызматкери аралашкан мушташка байланыштуу иш токтотулду


Окуянын Интернетте тараган видеосунан алынган сүрөт. Sky bar түнкү клубунун алды. Ош шаары.
Окуянын Интернетте тараган видеосунан алынган сүрөт. Sky bar түнкү клубунун алды. Ош шаары.

Оштогу Sky Bar түнкү клубунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана бажы кызматкери аралашкан мушташ боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду.

Мындай чечим чыгарууга тараптардын жарашып алганы жана жабырлануучунун кылмышка шектүүлөргө айып коюудан баш тартканы себеп болгонун Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Быйыл 2-январда Оштогу Sky bar түнкү клубунда эс алган эки киши жаңжал чыгарып, анда көңүл ачып отурган белгисиз кыз менен жигитти токмоктогон видео тасма Фейсбук жана Телеграм социалдык тармактарына тараган.

Анда ур-токмокко алган эки адам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин "Альфа" атайын даярдыктагы тобунун офицери менен бажы кызматкери экени белгиленген. Тасмада бир топ адам чыр-чатакты токтотууга аракеттенип, ажыратууга аракет жасаса да, ал экөө жерге кулап, сыртка качып чыгып, таксиге отурууну көздөгөн жабырлануучуну тепкилеп, башка бир кызды чачынан сүйрөп, бетке урганы тартылган.

Окуяда жабыркаган тараптан арыз түшпөгөнүн билдирген Ош шаардык милициясы топтолгон видео далилдердин негизинде кылмыш ишин козгоо үчүн материалдарды Аскер прокуратурасына өткөрүп бергенин маалымдаган.

УКМК жана Бажы кызматы түнкү клубдагы окуяга тиешеси бар экени аныкталган кызматкерлери жумуштан кеткенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG