Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Украин президенти Зеленский расмий сапар менен Польшага барды


Зеленский менен Моравецкий. Киев, 24-февраль, 2023-жыл
Зеленский менен Моравецкий. Киев, 24-февраль, 2023-жыл

Украинанын президенти Владимир Зеленский Польшага алгачкы расмий иш сапары менен барды.

Польшалык маалымат каражаттары жазганына караганда, Варшавада президент Анжей Дуда, өкмөт башчы Матеуш Моравецкий, бир катар министрлер менен жолугушуулар болот. Андан кийин Зеленский башкалаанын борбордук аянтында Польша элине жана бул өлкөдө башкалкалап жаткан украиналык качкындарга кайрылуу жасайт.

Эки президенттин жолугушуусунда Киевге аскердик жардам берүү, өлкөнүн Евробиримдикке жана НАТОго кирүү маселеси, уруштан кийинки калыбына келтирүү иштери талкууланмакчы.

Варшава согуш башталгандан бери Украинаны курал-жарак менен камсыздоо аракеттери, саясий колдоо көрсөтүү жагынан алдыңкы катарда турат.

Аскердик жардамдын алкагында 4-апрелде MiG-29 истребителдеринин бир нечеси келгенин поляк президентинин администрация өкүлү Марчин Пшидач жергиликтүү TVN24 телеканалына билдирди.

Польша ошондой эле миллионго жакын украин качкындарын кабыл алган.

Буга чейин эки мамлекеттин башчылары былтыр августта расмий кездешкен. Поляк президенти Украинанын эгемендик күнүндө Киевге барып кеткен. Андан тышкары алар жумушчу сапарлардын алкагында жолуккан.

Согуш башталган 2022-жылдын февралынан бери Зеленский ушуну менен үчүнчү жолу чет өлкөгө чыкты.

XS
SM
MD
LG