Министр Базарбаев Кыргызстанда жумушчулар жетишсиз экенин айтты

Тигүү ишканасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2022-жылы жумушсуздуктун деңгээли 5,3% түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 1,7% төмөндөгөн. Ушул тапта 142 миңден ашуун адам расмий түрдө жумушсуз деп катталган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 16-мартта журналисттер менен жолуккан учурда Кыргызстанда жумуш орундары жетиштүү экенин, тескерисинче жумушчулар жетишпей жатканын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө биздин өлкөбүзгө жумушчулар жетишпей жатат. Жаңы жумуш орундары даяр, бирок жумушчулар жетишсиз", - деди министр.

Базарбаев айрыкча тигүү цехтери жумушчуларга муктаж экенин белгиледи. Мындай таңкыстык Бишкек, Ош жана Ысык-Көлдө жогору экенин кошумчалады.

2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз катары катталган. Өткөн жылы жумушсуздардын саны салыштырмалуу 3,4% өскөнү айтылган.

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу былтыр жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар (59%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен.

Кыргызстанда жумушсуздук - негизги социалдык-экономикалык маселелердин бири. Жети миллиондон ашуун калктын миллионго чукулу Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. (КЕ)

Дагы караңыз

УКМК мурдагы вице-премьер Зилалиев кармалганын билдирдиӨкмөт көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча жобо даярдап жататЧВК "Вагнер" жалданмаларды порнография сайттары аркылуу тартуудаПарламентте сол рулдуу унааларды киргизүүгө жеңилдик берүү сунушталдыТалиева Лейлектеги "Апрель" алтын кенине байланыштуу элди коркутуулар болуп жатканын айтты