Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Өкмөт көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча жобо даярдап жатат


Министрлер кабинети көп кабаттуу турак жайларды куруу жөнүндө жобо даярдап жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин курулуш компанияларынын жетекчилери менен 16-мартта болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Жобого ылайык, курулуш компаниялары баштаган үйдү толук куруп бүтүүгө милдеттендирилет. Ошондой эле алардын курулуш толук аяктамайынча батирлерди сатууга тыюу салынат.

Өкмөттүн маалыматында бул жобо ишке киргенде курулуш компаниялары менен жарандардын ортосунда ачык айкындуулук пайда болору белгиленген. Бул тармактагы көйгөлөр жөнгө салынганга чейин Төрөбаев курулуш компаниялары жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен жолугушууларды өткөрүп турат.

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын уруксаты жок курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн саны 87, алардын 34ү Бишкекте экени 21-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маалым болгон.

Мамлекеттик архитектура, курулуш департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу аларга мунапыс жарыялоо пландалып жатканын, ар бир үй текшерилерин, уруксат ошонун негизинде берилерин айткан. (TAb)

XS
SM
MD
LG