Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Парламентте сол рулдуу унааларды киргизүүгө жеңилдик берүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев парламенттин 16-марттагы жыйынында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө эмес өлкөлөрдөн сол рулдуу унааларды ташып келүүгө жеңилдик берүүнү сунуштады. Ал учурда соңку беш жылда чыккан унааларды гана киргизүүгө уруксат экенин, бул чекти он жылга чейин узартуу керектигин айтты.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бул ЕАЭБдин алкагында кабыл алынган чечим болгонун, кыргыз өкмөтү бул боюнча өз алдынча чечим кабыл ала албай турганын айтты.

Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүүнү талап кылган акциялар маал-маалы менен болуп турат. Бул багытта иш алып барган, активист Эртай Искаков түзгөн "ЗаЯпошки" коомдук бирикмесинин маалыматына ылайык, кол койгондор 67 миң 357 кишиге жетти.

Ички иштер министрлиги чет өлкөдөн мыйзамсыз алып келинген автоунааларды легалдаштыруу үчүн комиссия түзгөнүн Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов 27-декабрда парламенттин жыйынында билдирген. Анда айтылгандай, комиссия 10-февралга чейин ишин жыйынтыкташы керек болчу. Азырынча комиссиянын иши боюнча маалымат бериле элек.

Бир жыл мурдагы маалыматка ылайык, Кыргызстанга Абхазиядан болжол менен жети миңден ашуун машине кирген. (TAb)

XS
SM
MD
LG