Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

Талиева Лейлектеги "Апрель" алтын кенине байланыштуу элди коркутуулар болуп жатканын айтты


Камила Талиева.
Камила Талиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламенттин 16-марттагы жыйынында Лейлек районунун (Баткен) Катраң айылында жайгашкан "Апрель" алтын кенине байланыштуу маселени көтөрдү. Ал кенди иштетүүдө бийлик жетекчилери аралашып, жергиликтүү тургундарды коркутуулар болуп жатканын кошумчалады. Эл өкүлү Катраң айыл аймагынын тургундары президент Садыр Жапаровго, Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогонун билдирди.

"Лейлек районунда абал тынч эмес. Бул бүгүн эле чыгып калган көйгөй эмес. Алар мурда дагы митингге чыгып, жолду буушкан. Ал жерде президенттин жакын досторунун атын ачык эле айтып чыккан. Азыр эл акимге, губернаторго дагы ишенбей жатат. Себеби Апрель алтын кенин казууда жергиликтүү элге барып коркутуулар, "караларды" жөнөтүп, элди бөлүп-жаруу болуп жатат. Азыр элдин таза суу, экологиялык маселеси маанилүү. Бул маселеге тез арада көңүл бургула, көйгөй күчөп жатат. Бул жерде аттуу-баштуу бийликтегилердин аты аталууда. Ошону иликтегиле. Мен атын атабайын, эл өзү атап жатат", - деди Талиева.

2021-жылы апрель айында дагы Лейлек районунун Катраң айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасашкан. 150дөй жергиликтүү тургун чогулуп, Өзгөрүш айылынын Алмалуу тоосундагы "Апрель" алтын кенин иштетүүгө каршы экенин билдиришкен.

2012-жылы бул кенди иштетүүгө он жылдык лицензия Орусиянын “Апрельское Эй Зет Ай” ишканасына берилген. Азыр изилдөө, чалгындоо, жол салуу иштери жүрүүдө. Кен казуу баштала элек.

2012-жылы Катраң айыл аймагынын тургундары кенди иштетүүгө каршы чыгып, чалгындоого киришкен “Алаурум” ишканасынын мүлкүн талкалап, инвесторлор менен элдин ортосунда чыр чыккан. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иш убактылуу токтоп, кийин кыскартылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG