Журналист, акын Кубат Оторбаевдин чыгармачылык кечеси өтүүдө

Кубат Оторбаев.

Бүгүн 13-мартта Бишкектеги Кыргыз улуттук драма театрында журналист, акын, "Азаттыктын" редактору Кубат Оторбаевдин чыгармачылык кечеси өтүүдө. Кечеде акындын ырлары окулуп, анын чыгармалары окурмандарга тартууланууда.

Кубат Оторбаев Табылды Муканов атындагы сыйлыктын лауреаты. Ал "Азаттык Медианын", КТРКнын жетекчиси, өлкөнүн акыйкатчысы болуп иштеген.


Автордун "Гүлдөр күтөт" аттуу китеби былтыр жарык көргөн. Жыйнакка ата мекен, эл-жер, тагдыр-өмүр, дүйнөнүн миң кырдуу кайталангыс керемети, махабат, жаштык жөнүндө философиялык мазмундагы ырлар жана казалчы Казыбек Мамбетимин уулуу тууралуу поэма кирген.

"Гүлдөр күтөт" - автордун алгачкы китеби. Кыргызстандын Жазуучулар союзу ага 2022-жылдын жыйынтыгы менен поэзия жанрындагы "Жылдын мыкты китеби" сыйлыгын тапшырган.

Дагы караңыз

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондор 48 миңден аштыТокойдо атып өлтүрүлгөн Мациевскийге "Украинанын баатыры" наамы берилдиОшто бетине кайчы сайылып калган наристеге татаал операция жасалдыМосква соту "Эркин Европа/Азаттыктын" Орусиядагы өкүлчүлүгүн банкрот деп жарыялады