Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Токойдо атып өлтүрүлгөн Мациевскийге "Украинанын баатыры" наамы берилди


Украиналык жоокер Александр Мациевский
Украиналык жоокер Александр Мациевский

Украин президенти Владимир Зеленский Чернигов облусунун аймактык коргонуу бригадасынын снайпери Александр Мациевскийге курман болгондон кийин "Украинанын баатыры" наамын ыйгарды.

Токойдо аскер кийимчен турган киши "Украинага даңк!" деп айткандан кийин автоматтан ок жеп, турган жеринде кулаганы тартылган тасма 6-мартта Интернетте тараган. Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз, ок аткандар көрүнбөйт, алардын орусча сөгүнгөн үндөрү гана угулат.

“Бүгүн мен Александр Мациевскийге "Украинанын баатыры" наамын ыйгардым. Ал адамды эми бардык украиналыктар билип жүрүшөт, эрдиги, өзүнө ишенгени, "Украина даңк!" деген сөздөрү үчүн түбөлүккө жаркын элесин сакташат. Баатырга даңк! Баатырларга даңк! Украинага даңк!" – деп билдирди Зеленский жекшембинин кечиндеги видео кайрылуусунда.

Украинанын коопсуздук кызматы атылган жоокер Мациевский экенин бышыктады. Маалыматка караганда, ал былтыр мартта армияга чакырылып, декабрдын этегинен бери Донецк облусунда дайынсыз болуп жаткан. Коопсуздук кызматы маркумду 2022-жылы 30-декабрда атып өлтүрүшкөнүн аныктады. Маалыматта анын сөөгүн быйыл февралда кайтарып беришкени айтылат.

Украинанын коопсуздук кызматы видео пайда болгондон кийин «Согуштун мыйзамдарын жана салттарын бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Украин тышкы иштер министри Эл аралык кылмыш сотун ал окуянын чоо-жайын иликтөөгө чакырды.

Мурдараак туткунга түшүп калгандан кийин атып өлтүрүлгөн жоокер Тимофей Шадура экени кабарланган эле.

XS
SM
MD
LG