Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Москва соту "Эркин Европа/Азаттыктын" Орусиядагы өкүлчүлүгүн банкрот деп жарыялады


13-мартта Москванын Арбитраждык соту "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун атынан Орусияда иш алып барган "РСЕ/РС" жоопкерчилиги чектелген коомун банкрот деп жарыялады. Буга медиа уюмдун Орусиянын "чет өлкөлүк агент" деген атка конгон мыйзамынын алкагында 1 миллиард рублдик (14 миллион доллар) айып пулду төлөөдөн баш тартканы себеп болду.

Бул айып пулдар "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун орус тилиндеги тогуз долбооруна салынган. Алардын арасында радионун орус кызматынын жана "Настоящее Время" телеканалынын веб-сайттары да бар.

Сотко Орусиянын Федералдык салык кызматы өткөн жылдын март айында кайрылган.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосу Орусиядагы мыйзамдардын жоболорун журналисттердин кесиптик ишмердигине тоскоолдук жараткан саясий цензура деп мүнөздөйт. Медиа уюм орус бийлигинин чечимдерине каршы Орусиянын башка сотторуна жана Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылат.

"РСЕ/РС" жоопкерчилиги чектелген коомунун Орусиядагы банк эсептери 2021-жылдын май айында бөгөттөлгөн. Банкроттуулук тууралуу процедураларды баштоого медиа компаниянын орус казынасына салык төлөй албаганы расмий негиз болуп берди.

Былтыр орус күчтөрү Украинага басып киргенден көп өтпөй Роскомнадзор "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун сайттарын Орусиянын аймагында бөгөттөгөн. Медиа уюм Орусияда 1991-жылы ошол кездеги президент Борис Ельциндин чечими менен ачылган бюросу жабылганын жана Латвиянын баш калаасы Ригада жаңы кеңсесин ачканын жарыялаган.

Орусиянын Юстиция министрлиги "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун 30 кызматкерин "чет өлкөлүк агент" деп жарыялаган. Бир катар эл аралык уюмдар орус бийлигинин "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна басымын айыпташкан.

Freedom House уюму март айындагы жаңы баяндамасында Орусияда былтыр жарандык эркиндик жана медиа эркиндиги кескин начарлаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG