Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Ошто бетине кайчы сайылып калган наристеге татаал операция жасалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто бетине кайчы сайылып калган наристе ооруканада тийиштүү дарылануудан өтүп, үйүнө чыгарылганы жатканын 13-мартта Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, беш жашар кыз облус аралык балдар ооруканасына оң жак жүзүнө кайчы 6-7 сантиметр сайылып калган абалда 9-мартта түшкөн.

Татаал операцияны кулак-тамак-мурун оорулар бөлүмүнүн башчысы Үмүтбек Пазылов жасап, кайчыны алып чыккан.

Кыздын жакындары ал үйүндө столдон жыгылып түшкөнүн, ошол учурда колунда кайчы болгонун айтып беришкен.

Дарыгерлердин айтымында, кайчы оң жак Гаймор көңдөйчөсүн тешип өтүп, көз асты аркылуу баш сөөктүн негизинде жайгашкан көңдөйчөнүн сөөгүнө сайылып токтогон.

“Баланын бактысына ошол жерде жайгашкан чоң артерияларга тийген эмес, андай учурда баланын өмүрүнө кескин түрдө залал тийип калмак. Азыркы учурда бейтаптын абалы жакшы, ооруканадан үйгө чыгууга даярдык көрүлүүдө” деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги.

XS
SM
MD
LG