Аксыда өрт чыккан ооруканадан адамдар эвакуация болду

Өрт чалган оорукана. 13-март, 2023-жыл.

13-мартта Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кербен шаарында оорукананын имаратынан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалда министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы ооруканадан адамдар эвакуация болгонун кабарлап, жабыр тарткандар бар жогу тууралуу маалымат берген жок.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө Аксы районунан үч, Ала-Бука районунан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрт эмнеден чыкканы белгисиз. (BTo)

Дагы караңыз

Султанбаев: Депутат Абиров катышкан мушташ боюнча президентке маалымат берилдиОрусияда Украина тарапта согушууну максат кылган деп орус жараны соттолдуКыргызстанда Орозо 23-мартта башталатИсманкулов мурдагы министр Бейшеналиевге койгон доо арызынан баш тарттыӨКМ Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо иштери башталганын билдирди“Навальный” даректүү тасмаcы “Оскар” алды