Прагадагы өкмөткө каршы митингде 20га чукул киши кармалды

Чехиянын борбору Прага шаарында демонстрацияга чыккан миңдеген киши учурдагы өкмөттүн саясатына каршылыгын билдирди. 11-мартта «Чехия жакырчылыкка каршы» деген иш-чараны парламентке кирбеген саясий партиялар уюштурду. Алардын арасында орусиячыл көз караштагылар да бар. Чыгып сүйлөгөндөрдүн айрымдары чех бийлигин Украинаны колдогону үчүн айыптап, анын айынан өлкөдө баалар өсүп, жашоонун деңгээли начарлап кеткенин белгилешти.

Айрымдар Вацлав аянтындагы Улуттук музейдин имаратынын сыртына илинген Украинанын чоң желегин алып салууга аракет кылганда полиция токтотуп калды. Ал Киевге тилектештик иретинде былтыр орнотулган.

Кагылышта 18 демонстрант кармалып, эки полиция кызматкери жаракат алганы расмий кабарланды.

"Жакырчылыкка каршы күрөш" деген чакырык менен уюштурулган акцияга орусиячыл турумду карманган саясий күчтөр кошулуп кеткенин маалымат каражаттары жазышты.

Демонстрациянын жүрүшүндө Орусиянын Украинага баскынчылыгынын символуна айланган "Z" тамгасын жана согушка жоочуларды жалдаган "Вагнер" жеке аскер компаниясынын эмблемасын көтөрүп чыккан адам да кармалды.

Чехиянын ички иштер министри Вит Ракушан "жакырчылыкка каршы" деп мүнөздөлгөн бул митингдеги айрым аракеттерди "орусиячыл күчтөрдүн кутуму" катары сыпаттады.

Чех өкмөтү Украинадагы согушта Киевди колдоп, Москвага айыптайт. Эки күн мурун кызматка киришкен президент Петр Павел да Орусиянын Украинага басып киргенине каршы позицияда туруп, Чехиянын батышчыл багытын жактайт.

Дагы караңыз

Баткен: Чек ара жаңжалында жабыркагандардын 36,2 млн. сомдук насыясы жоюлдуИзраилде 500 миңдей адам соттук реформага каршы митингге чыктыЭстонияда орусиячыл саясатчы камакка алынды