Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:52

Баткен: Чек ара жаңжалында жабыркагандардын 36,2 млн. сомдук насыясы жоюлду


Баткен районундагы Достук айылы. Бул айылда 70 үй болсо, 2022-сентябрындагы жаңжалда анын алтымыштан ашыгы өрттөлгөн.
Баткен районундагы Достук айылы. Бул айылда 70 үй болсо, 2022-сентябрындагы жаңжалда анын алтымыштан ашыгы өрттөлгөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Баткен облусунун 377 жашоочусунун 36,2 миллион сомдук насыясы толук жоюлду. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Мекеме маалымдагандай, аталган окуяга байланыштуу насыясын төлөй албай, арыз менен кайрылгандардын жалпы саны 514 болгон. Калган арыздар дале каралып жатат.

Улуттук банктын билдирүүсүндө, мындан сырткары 66,5 миллион сом суммасында 227 насыянын төлөө мөөнөтү жылган же шарттары өзгөртүлгөн. Аймактагы муктаждыктарга байланыштуу былтыр 18-ноябрдан бери коммерциялык финансылык-насыялоо уюмдары Баткен облусунун 27 207 тургунуна жаңы насыяларды шашылыш түрдө берген. Анын суммасы 2 млрд. 799 млн. сомду түзөт.

2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адам каза болгон. Миңдеген адам үй-жайын таштап качууга мажбур болгон. Алардын айрымдары коопсуздук маселесинен улам үйүнө кайта электиги парламентте бир нече жолу айтылды.

Чек арадагы жаңжалда жакындарын жоготуп, үй-жайы өрттөлгөндөр жана аймактагы кырдаалдан улам насыясын төлөй албай калгандар өкмөткө кайрылып, насыясын кечүүнү же жылдыра турууну өтүнүшкөн. Маселе парламенттин жыйынында жана өкмөттүн кеңешмелеринде да көтөрүлгөн.

Улуттук банк коммерциялык банктарды жана башка каржылык уюмдары алардан насыя алган, кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркап калган кардарларына жардам берүүгө чакырган. Банктын расмий сайтына 7-октябрда жарыяланган маалыматта Баткен жана Ош облустарындагы жабыркаган кардарлардан түшкөн арыздардын баарын карап чыгуу, каза болгондордун, жараат алгандардын, бизнесинен же үй-мүлкүнөн ажырагандардын насыясын кечүү керектиги белгиленген.

Соңку жаңжалда Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти айыптаган билдирүү тараткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG