Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:31

Эстонияда орусиячыл саясатчы камакка алынды


Эстониянын мамлекеттик имаратындагы желек. Иллюстрациялык сүрөт.
Эстониянын мамлекеттик имаратындагы желек. Иллюстрациялык сүрөт.

Эстониянын полициясы орусиячыл саясатчы Айво Петерсонду камакка алды. Ал жана анын эки үзөңгүлөшү башка мамлекетке иштеген деп шек саналууда. Бул берене менен кармалгандар аталган өлкөдө алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эстон медиалары саясатчы кызматташкан башка мамлекет - Орусия экенин жазышты.

Айво Петерсон орусиячыл "Koos/Вместе" деп аталган кыймылдын лидери. Ал буга чейин Кремлдин саясатын колдогон билдирүүлөрдү жасап келген. Саясатчы 2022-жылы Эстонияда президенттик шайлоодо ат салышкан.

Ал шайлоо алдында Украинанын Орусия басып алган Донецк аймагына барып кеткен жана Кремлдин пропагандачысы Владимир Соловьёвдун программаларына катышкан. Соловьёвдун эфиринде Петерсон Эстонияда элдик көтөрүлүш менен бийлик алмашуусун керектигин айткан.

Айво Петерсон менен чогуу кармалган дагы эки адамдын бири Дмитрий Роотси - Эстониянын жараны, экинчиси Андрей Андронов - Орусиянын жараны. Үчөө тең эки айга камакка алынды.

Петерсондун жакын санаалашы, Koos кыймылынын мүчөсү Олег Иванов Postimees басылмасына билдиргендей, кыймылдын активисттери аларды бошотуу үчүн күрөшмөкчү.

Эстония Орусиянын Украинага кол салуусун кескин айыптаган мамлекеттердин бири. Быйыл жыл башында эстон бийлиги Таллиндеги орус элчилерин чыгарган. Анын алдында Москва да эстон дипломаттарын мекенине жөнөткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG