Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Израилде 500 миңдей адам соттук реформага каршы митингге чыкты


Израилдеги соттук реформага каршы митинг.
Израилдеги соттук реформага каршы митинг.

Израилде соттук реформага каршы митинг өтүп жатат. 8 миллиондук калкы бар өлкөдөгү аталган демонстрацияларга кеминде 500 миңдей адам кошулду. Бул Израилдин тарыхындагы эң ири каршылык акциясы болуп калды.

Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү сунуштаган соттук реформаларга каршы митингдердин башталганына 10 апта болду. Жаңы реформага ылайык, Жогорку соттун судьяларын иш жүзүндө парламенттик көпчүлүк аныктап калат. Мындан сырткары сот өкмөттүн чечимдерин жокко чыгаруу укугунан ажырайт. Каршылыкка чыккандардын пикиринде, бул соттордун көз карандылыгын толук жоготууга алып келет.

Былтыр октябрда өткөн шайлоодо Ликуд партиясы жеңип чыгып, анын башындагы Биньямин Нетаньяху Израилдин премьер-министри болуп кайра шайланган. Ал өзүнүн карьерасында ушуну менен алтынчы жолу өкмөттү жетектеп жатат. Нетаньяху соңку нааразылыктарды анын кызматтан кетирүүнү каалагандар уюштуруп жатат деп эсептейт. Ага учурда коррупция боюнча үч кылмыш иши козголгон, ал өзү мындагы айыптарды четке кагып келет.

Биньямин Нетаньяху соттук реформа бийликтин бутактарын тең салмактуу кылат деп эсептейт. Израилдин оппозициясы, анын ичинде мурдагы премьер-министр Яир Лапид бул боюнча мыйзам долбоорун толук артка кайтарууну же аны иштеп чыгууга каршы тараптын өкүлдөрүн да катыштырууну талап кылып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG