Бишкек шаардык соту 10-мартта Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган Улуттук коопсуздук кызматын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев менен активист Марат Баязовдун бөгөт чарасын карап, аларды дагы абакта калтырды.
Былтыр октябрда "Кемпир-Абад суу сактагычын жеринин Өзбекстанга берилишине ачык каршы чыгып жүргөн 30дай саясатчы, активист жана укук коргоочу камалган. Бийлик аларды калайман башаламандык уюштурууга камынган деп айыптаган. Камактагылар муну саясий куугунтук катары сыпаттап келет.
Бир катар активдүү жарандар жана эл аралык уюмдар бийликтен эч болбогондо аялдарды үй камагына чыгарууга чакырып, алардын айрымдары улгайган жашка келип калгандыктан абактагы шарт ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертишкен.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айтып чыккандар боюнча президент Садыр Жапаров ортодогу талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. "Кабар" агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.
Дагы караңыз
Кемпир-Абад иши: шаардык сот Асия Сасыкбаеваны абакта калтырды Си Цзинпин Кытайдын төрагасы кызматына үчүнчү ирет шайланды Наманган: кыргыз жаранын уурдап, барымтада кармаган эки адам камалды Шавкат Мирзиёев менен Акылбек Жапаров жолуктуУкраина: Орусия соңку чабуулду "Брянск үчүн өч алуу" деп атады Түркия санкцияга кабылган жүктөрдү Орусияга өткөрбөй калды Гамбург: "Жахабанын күбөлөрү" борборуна кол салууда алты адам мерт болду