Энергетика министрлиги 4-мартта 82 жаш курагында эмгек сиңирген энергетик, өлкөнүн өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси Ильяс Давыдов каза болгонун билдирди. Аны менен коштошуу зыйнаты 5-мартта аталган министрликтин алдында өтүп жатат.
Давыдов 1963-жылы Томск политехникалык институтун "электр тармактары жана системалары" адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1963 жылы "Киргизглавэнерго" мекемесинде баштаган жана бул тармакта бир катар жетекчилик кызматтарда турган.
2001-жылы ал "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" мекемесинин башкы директорунун орун басары болуп дайындалган. 2008-жылы өнөр жай, энергетика жана отун-суу ресурстары министри, ал эми 2009-жылы энергетика министри кызматтарында турган.
Давыдов 2010-2012-жылдары ошол кездеги энергетика министринин кеңешчиси болгон. Соңку жылдары ардагер энергетиктер кеңешинин төрагасынын орун басары болуп жүргөн.
Дагы караңыз
Запорожье: ракеталык чабуулдан мерт болгондордун саны 11 адамга жетти Орусия: Коргоо министрлиги Шойгу согуш болгон аймакка барганын билдирди УКМК Таластагы жемкорлук ишинде 3 млн. сом өндүрүлгөнүн билдирдиСадыр Жапаровдун Таластагы өкүлү болуп Нурлан Дарданов дайындалды Кытайдын Бишкектеги элчилиги виза маселеси жөнүндө түшүндүрмө берди FT: Киев Ыктыярчылар корпусу Украинадан Брянскка киргенин билген Талас: Апрель ыңкылабынын катышуучулары дагы акцияга чыгышты