Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

УКМК Таластагы жемкорлук ишинде 3 млн. сом өндүрүлгөнүн билдирди


Талас шаардык мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.
Талас шаардык мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналган Талас шаарынын вице-мэри жана шаардык кеңештин жетекчилери бюджетке 3 миллион сом кайтарып бергенин 4-мартта билдирди.

Камалгандар буга чейин мамлекетке 5 миллион сом кайтарган.

Атайын кызмат маалымдагандай, кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга айып тагылып, кылмыш иши андан ары кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт.

"Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн иликтөө иштери жүрүүдө", - деп жазылган билдирүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Талас шаарынын вице-мэри Максат Байжигитов, шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбеков, шаардык кеңештин вице-спикери Азиз Курамаев жана шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоевди кармаганы 10-январда белгилүү болгон.

Алар Талас шаардык мэриясында жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп шек саналууда. Расмий маалыматта анын кесепетинен 2020-2022-жылдары бюджетке 30 миллион сомдон ашык чыгым келтирилгени айтылган.

27-январда Талас облустук соту Азиз Курамаевди, 1-2-февралда шаардык сот Максат Байжигитов менен Адылбек Жусупбековду үй камагына чыгарган. Марат Долдоев ден соолугуна байланыштуу камакка алынган эмес.

Шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбеков жана анын орун басары Азиз Курамаев козголгон кылмыш иш тергөөнүн жүрүшүндө кыскарганын Фейсбуктагы баракчасына билдирген. Бирок расмий органдар маалыматты ырастаган эмес. (MKt)

XS
SM
MD
LG