Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

FT: Киев Ыктыярчылар корпусу Украинадан Брянскка киргенин билген


Социалдык тармактарда тараган видеодо камуфляж кийген адамдар "Орусиянын ыктыярчылар корпусунун" мүчөлөрү экенин айтышкан.
Социалдык тармактарда тараган видеодо камуфляж кийген адамдар "Орусиянын ыктыярчылар корпусунун" мүчөлөрү экенин айтышкан.

Украин бийлиги өздөрүн "Орусиянын ыктыярчылар корпусу" деп атаган топтун өкүлдөрү Украинанын чек арасынан Орусиянын Брянкс облусуна өткөнүн билген. Бул тууралуу Financial Times басылмасы аталган топтун башчысы, Денис Никитин деген ат менен таанымал Денис Капустин менен маектешкенден кийин билдирди. Ал эгерде рейд тууралуу макулдашуу болбогондо анын катышуучуларынын баары жок кылынмактыгын айтты.

Никитиндин ырасташынча, рейдге 45тей адам катышкан жана алардын арасында Орусияда жайгашкан партизандык топтор да болгон. Ал айылдардын биринде атышуу болгонун дагы бышыктады, ошол эле маалда жайкын тургундар арасында мерт болгондор тууралуу кабары болбогонун бидирди.

Орус бийлиги бул рейддин айынан эки адам набыт болуп, бир бала жаракат алганын кабарлаган.

FT басылмасы Никитин маектешүүгө макул болгону менен жогорудагы операциянын чоо-жайы, анын ичинде Киевдин колдоосу тууралуу билдирүү тактала электигин, согуш маалында фактыларды бышыктоо кыйынчылыкка турарын эскертти.

Орус басылмалары жана Телеграм-каналдары бейшембиде, 2-мартта эртең менен Украина менен чек аралаш Брянскта куралдуу кагылыштар болгонун жазган. Маалыматтарда Любечане жана Сушаны деген эки айылга украин аймагынан диверсиялык чалгын топтору киргени айтылган.

Айылдардын биринде тартылган деген социалдык тармактарда тараган видеодо камуфляж кийген адамдар "Орусиянын ыктыярчылар корпусунун" мүчөлөрү экенин, "ата мекенин бошотуу" үчүн келгенин айтышкан. Алар тынч эл менен эмес, Путиндин режими менен күрөшүп жатканын айтышкан.

Алардын бири украин куралдуу күчтөрүнүн алардын операциясынан кабары жок деп билдирген.

Маалыматка караганда, корпус украин армиясынын Эл аралык легионунун бир бөлүгүн түзөт жана ага украин тарапта согушкан орусиялык мигранттар кирет.

Украин президентинин кеңсесинин расмий өкүлү окуяны "чагым" деп атаган. Ошол эле маалда Орусияда партизандык кыймыл кеңейип жатканын белгилеген.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Брянсктын Климовск районунда мамлекеттик чек араны бузган украиналык улутчулдарды жок кылуу операциясы" жүргөнүн билдирген.

Байкоочулар окуянын айланасында карама-каршы маалыматтар түшүп жатканын, бүдөмүк жерлер көп экенин белгилешкен.

XS
SM
MD
LG