Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Талас: Апрель ыңкылабынын катышуучулары дагы акцияга чыгышты


Талас шаарында Апрель ыңкылабынын катышуучулары акцияга чыгышты. 4-март, 2023-жыл.
Талас шаарында Апрель ыңкылабынын катышуучулары акцияга чыгышты. 4-март, 2023-жыл.

Талас шаарында Апрель революциясынын катышуучулары жана коомдук уюмдун өкүлдөрүнөн турган ондой адам 7-апрель күнүн кызыл календардан алууга каршы экенин билдиришип, акцияга чыгышты.

Алар президент Садыр Жапаровго, өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылуу жолдоду.

"Баткен окуясына, Ооган согушуна катышкандарга кандай болбосун көңүл буруп иш-чара өткөрүп, белек берип жатат. Ал эми мекен, мамлекет үчүн күйүп өлгөн балдарга эмнеге календардын кызылын ыраа көрбөй жатат? Эгер үнүбүздү укпаса, орозо айы бүткөндөн кийин дагы митинг уюштурабыз", - деди "Айкөл Ала-Тоо" коомдук уюмунун Таластагы өкүлү Анарбек Рыскулбеков.

7-апрелди кызыл дата бойдон калтырууну талап кылган митинг Бишкекте да өттү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда айрым майрамдык күндөрдү дем алыш эмес, жумуш күнү деп жарыялоону сунуштаган. Ага ылайык, 23-февралды (Ата Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрелди (Элдик апрель революциясы күнү) жана 7-8-ноябрды (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) майрам катары калтырып, бирок эс алуу эмес, иш күндөрү деп жарыялоо тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарган.

Өздөрүн Апрель ыңкылабынын катышуучулары деп тааныштырган топ Таласта 20-февралда нааразылык акциясына чыгып, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга кайтышына каршы экенин билдиришкен.

Ага чейин 18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго отургузганын Фейсбук баракчасына жазган. Мындай кадамга эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн барганын түшүндүргөн.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда кезектеги ыңкылап болгон. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык башкарууга айыптаган митингдер өтүп, натыйжада 90дой адамдын өмүрү кыйылган. Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Беларуста жашайт. (MKt)

XS
SM
MD
LG