Канаттууларда пластикоз аттуу жаңы илдет пайда болду

Иллюстрация

Окумуштуулар канаттуулардан жаңы илдетти аныктады. Ашказан фиброзунан же желим (пластик) жутуудан гана пайда болгон ооруну илимпоздор пластикоз деп аташууда.

Адистер Австралияны байырлаган деңиз чабалекейлерин изилдеп, канаттуу канчалык көп желим жутса, ашказанында тырык ошончолук көбөйөрүн аныкташкан. Пластикоз балапандардан да табылган. Изилдөөчүлөр аларды ата-энелери булганган тамак-аш менен баккан деп эсептешет.

Ошол эле учурда канаттуулардын ичеги-карынынан табылган табигый заттар фиброзго алып келбей турганы такталган. Окумуштуулар тырыктар желимден гана пайда болот деген жыйынтыкка келишкен жана бул оору куштардын башка түрлөрүндө да кездешиши мүмкүндүгүн божомолдошууда.

Дүйнөнүн 80ге жакын өлкөсүндө бир жолу колдонулуучу желимди иштетүүгө чектөө киргизилген. Ага карабай, жылына адамзат 400 миллион тоннага жакын пластик калдыктарын чыгарат, түрдүү эсептөөлөр боюнча анын 9-14 миллион тоннасы океанга төгүлөт.

Дагы караңыз

Черногориядагы жардырууда бир адам каза болдуОрусия менен Кытай согуш жана өзөктүк куралга таандык сунуштарды колдободу Путинди сөзүн кулагына кесме илип уккан депутат айыпталуудаУкраинадагы урушка азгырылган мигрант кыз-келиндер Ак-Ордо: Үй түрттүрүүдөн кийин түзүлгөн абалды жөнгөрүү аракети көрүлүүдө