Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Путинди сөзүн кулагына кесме илип уккан депутат айыпталууда


Михаил Абдалкин
Михаил Абдалкин

Орусиянын президенти Владимир Путиндин кайрылуусун кулагына кесме илип уккан самаралык депутат Михаил Абдалкинге административдик айып тагылды. Ал "орус армиясынын беделин түшүрдү" деп айыпталууда.

Абдалкин Коммунисттик партиядан Самара облустук Думасынын депутаты. Анын "иши" Новокуйбышевск шаардык сотунда 7-мартта каралат.

Депутат 2-мартта ВКонтакте түйүнүндөгү баракчасына иш кесмеге байланыштуу экенин белгилеп, "Күрөшөбүз, күнөөсүз экенибизди далилдейбиз", - деп жазды.

Абдалкин Путиндин кайрылуусун угуп отурганда кулагына кесме илип алганы тартылган видеону Интернетке чыгарган. Президенттин кайрылуусун облустук Думадагы Коммунисттик партиянын фракциясынын жетекчилигинин өтүнүчү менен көргөнүн белгилеген.

Кийин Самара облустук Думасынын депутаттары аны партиядан чыгарууну сунуштап, "жоругуна юридикалык баа берүү" өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылган. 1-мартта Абдалкин полицияга чакырылган.

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жасап, Украинадагы согуш үчүн Батышты айыптаган.

Москва Украинадагы согушту "атайын операция" деп атап келет. Кремлдин Украинага баскынчылыгын "согуш" деп атагандар 50 миң рублге чейин айыпка жыгылат. Бул сөздү кайталаса, кылмыш иши козголуп, беш жылга чейин камалат.

XS
SM
MD
LG