Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Черногориядагы жардырууда бир адам каза болду


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

3-мартта Черногориянын баш калаасы Подгорицадагы сот имаратынын алдындагы жардыруудан бир адам каза болуп, бешөө жараат алды.

Полициянын маалыматына караганда, жардыруу колдо жасалган граната менен ишке ашырылган болушу мүмкүн. Аны жардырган эркек киши сот имаратынын кире беришинде каза болгон.

Жараат алгандар ооруканага жеткирилди. Гранатаны жардырган адам эмне үчүн бул кадамга барганы азырынча белгисиз. Бийлик окуя иликтенип жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG