Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:05

Орусия менен Кытай согуш жана өзөктүк куралга таандык сунуштарды колдободу


Орусия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери - Сергей Лавров жана Цин Ган.
Орусия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери - Сергей Лавров жана Цин Ган.

Орусия менен Кытай "Чоң жыйырманын" (G 20) баяндамасында Украинадагы согуш жана өзөктүк курал боюнча пункттарды колдогон жок.

Бул тууралуу кубаттуу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Индиядагы жолугушуусунан кийинки баяндамада айтылат.

Жыйындын катышуучулары күн тартибиндеги 24 маселенин экөө боюнча орток пикир таба алышпады.

Биринчиси - Украинадагы согушка тиешелүү. Чогулгандардын көбү согушту катуу айыптап, бул апаат адамзатка чоң кайгы алып келип, дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизип жатканын, инфляция, энергетика жана азык-түлүк тартыштыгын күчөтөрүн белгилешти. Орусия менен Кытай буга макул болгон эмес.

Экинчи пункт - согуш учурундагы эл аралык укукка таандык. Жолугушуунун катышуучулары эл аралык гуманитардык укукту, анын ичинде куралдуу кагылышуулар учурунда жарандарды жана инфраструктураны коргоону урматтоо зарылдыгына токтотулушкан. Өзөктүк куралды колдонуу же аны менен коркутуу кабыл алынгыс экени белгиленет. Орусия менен Кытай муну да колдогон жок.

"Чоң жыйырманын" бардык тышкы иштер министрлери калган пункттарды, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө жана биологиялык ар түрдүүлүктү жоготууга каршы күрөшүү, гендердик теңчиликти камсыздоо, терроризмге жана баңги аткезчилигине каршы турууну колдошту.

Украинада уруш уланып жаткан маалда дүйнөдөгү чоң экономикасы бар өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Нью-Делиге чогулуп, глобалдык көйгөйлөрдү талкуулашты. Украинада согуш башталганы алакасы кескин солгундап кеткен АКШнын, Орусиянын, Кытайдын башкы дипломаттары дагы жыйынга келген. Вашингтон менен Москванын башкы дипломаттары 2-мартта 10 мүнөт сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG