Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик же менчик экенине карабай өлкөдөгү кызмат көрсөтүүнүн бардык түрүнө адамдын тек-жайын аныктоочу Face ID системасын киргизүү зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу 2-мартта өткөн Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жыйынында сөз болду.
“Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө эле эмес, банктарда, нотариустарда жана ооруканаларга кайрылган жарандардын тек-жайын аныктоо үчүн биометрикалык идентификацияны (Face ID) киргизүү зарыл”, - деген Жапаров.
Эки жыл мурун Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоого чейин жарандардын бир жерден экинчи жерге жапырт катташына бөгөт коюш үчүн Face ID тутумун колдонгон жаңы эрежелер киргизилгенин жарыялаган.
Кыргызстанда атуулдардын биометрикалык маалыматтары жарандык паспортко тиркелет. Акыркы 5-6 жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. (BCh)
Дагы караңыз
Жазгы талаа иштерине даярдык начар болуп жатканы айтылдыПарламентте эт азыктарынын тазалыгы боюнча маселе көтөрүлдү Кытайдан жүк ташыган айдоочулардын виза маселеси боюнча маалымат берилдиСузакта окуучу баланын өлүмү иликтенүүдө