Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Сузакта окуучу баланын өлүмү иликтенүүдө


Каза болгон баланын үйү.
Каза болгон баланын үйү.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 9-класстын окуучусунун өлүмү иликтенүүдө. Шектүү катары 10-класстын бир нече окуучусун милиция кармап кеткени кабарланууда.

Ички иштер мекемеси азырынча расмий маалыматын бере элек.

“Азаттыкка” жеткен кабарларга караганда, окуя 1-мартта Сафаровка айылында болгон. 10-класстын жети окуучусу 9-класста окуган беш баланы мектептин жанындагы эски имаратка киргизип, күч колдонушкан. Кичүү балдардын бири соккудан жыгылып, ошол жерден эсин жоготуп, ооруканага жетпей көз жумган.

Мектептеги зомбулук окуялары Кыргызстанда утур-утур катталып келет. Алардын айрымдары өлүм менен аяктаган учурлар да бар. (TB)

XS
SM
MD
LG