Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:15

Парламентте эт азыктарынын тазалыгы боюнча маселе көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эт азыктарынын тазалыгы жана коопсуздугу боюнча маселе бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Сүйүн Өмүрзаков өкмөттөн арам өлгөн малдын, антибиотик кошулган балыктын эти тууралуу айтылып жаткандар боюнча маалыматтар берүүнү өтүндү:

“Бир нече күн мурун айыл чарба министри арам өлгөн кой эти кармалганы, балык этинен антибиотик аныкталганы тууралуу маалымат берди. Ошол боюнча тиешелүү органдар эмне иш аткарып жатышат, кайсы фирмалар адамдардын ден соолугуна коркунуч жаратып жатышат, аларга кандай чара көрүштү, тезирээк кенен маалымат берип койсо”.

16-февралдан тартып Кыргызстандын балык чарбаларына Орусияга балык экспорттоого ​тыюу салынды. Буга Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын тогуз чарбанын продукциясына койгон дооматы себеп болду. Кыргызстандын ветеринардык кызматы жакында орусиялык ветеринарлар келип чарбаларды текшере турганын, андан соң экспорттоого жол ачыларын айтууда.

XS
SM
MD
LG